Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жаңы курамын бекитти

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Министрлер Кабинетинин төрагасы;
- Президенттин администрация башчысы;
- Мамлекеттик катчы;
- Башкы прокурор;
- Коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан