Улукбек Марипов: "Экономикада оң жылыштар бар, бирок алдыда иштеле турган маселелер арбын"

Бүгүн, 25-августта министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусунда биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын караган министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Товарды маркалоо ишке киргизилди, ал бюджетти салыктык кирешелер менен толтурууга шарт түзө баштады. Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык. Бул аракеттерди Кыргыз Республикасынын президенти да колдоду. Экономикалык жана фискалдык саясаттагы айрым чаралардын натыйжасында, салыктын ар бир түрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 20дан 40 пайызга чейин жогорулады. Ошондой эле бул жылы медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды", – деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө.

"Кабыл алынган антикризистик план толугу менен аткарылышы керек. Жылдын аягында анын аткарылышына баа берилет. Эң негизгиси күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Мындан ары республиканын ар бир району үчүн инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл", – деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан