Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, вице-спикер Бөдөш Мамырова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана башкалар катышты. Алгач Султан Раев маданият кызматкерлерин куттуктап, андан соң бир катар сыйлыктарды тапшырды. А.Малдыбаев атындагы сыйлыкка А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Эльнура Самарбекова татыды. М.Рыскулов атындагы сыйлыкты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын артисти Эгемберди Бекболиев алса, консерваториянын окутуучусу Бакыт Алишеровго Р.Абдыкадыров атындагы сыйлык ыйгарылды. Ал эми Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Базарбек Сыдыков Г.Айтиев атындагы сыйлыктын ээси болду. Эң акырында Ж.Абдыкадыров атындагы сыйлык Ысык-Көлдөгү К.Жантөшов атындагы Кыргыз драма театрынын режиссёру Давлет Нургазиевге берилди.