Бишкекте 11 жана 10 жаштагы балдар жарылуучу затты жардырып, жаракат алышты (видео)

Бишкектеги Ала-Арча суусунда 2 бала колдо жасалган жарылуучу затты жардырып жаракат алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя 25-август күнү саат 17:30 чамасында орун алган.

"Ала-Арча суусунда 2010-жылы туулган С.А. жана 2011-жылы туулган К.Н. аттуу балдар жарылуучу затты жардырып, жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган 2 баланы чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти. Балдардын абалдары туруктуу", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан