“Кыргызстан парламентаризмдин өнүгүшү жагынан Орто Азияда мактана аларлык кадамдарды жасай алды. Элдин көйгөйлөрүн парламент трибунасына алып чыгып, ачык талкуу уюштуруу жагынан мыйзам чыгаруу органынын таасири чоң”,- деди ЖКнын депутаты Марат Султанов 1-ноябрда “Парламент” радиосундагы маегинде.
Депутаттарга берилүүчү артыкчылыктар тууралуу сөз кылганда депутат: “Ар бир шайланып келген эл өкүлү ырасында элдин мүдөөсүн чечем деген ниет менен кызматка келип жаткан болсо, өз талабынан дагы элдин талабын жогору коюшу керек. Автоунаа, турак жай сурагандын ордуна ошол каражатты элдин муктаждыгына жумшоо аракетин көрүшү зарыл. Бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталса жакшы болмок”,- дейт.
Султанов депутаттык мандатын пайдаланып, кызматтык автоунаа, турак жай албаганын, Жогорку Кеңештин эсебинен чет элдик иш сапарларга чыкпаганын кошумчалады.