Жогорку Кеңеште Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө арналган коомдук угуу өттү

Жогорку Кеңеште бүгүн, 1-ноябрда "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган коомдук угуу өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Улуттук банктын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору өкмөт тарабынан иштелип чыгып, парламентте эки окууда кабыл алынган. Бирок депутаттар Азамат Арапбаев менен Урмат Аманбаевадан кошумча сунуштар түшүп, ишкерлерден кайрылуулар келип жаткандыктан, Тармактык комитет коомдук угуу өткөрүү чечимине келген болчу. 

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, мыйзам долбоору Салык саясатын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында салыкты башкаруу жүрүмүн жакшыртуу максатында иштелип чыкты. Талкуу жүрүшүндө бир катар бизнес өкүлдөрү импорттук соода жаатында баш аламандык түзүлүп, кыйынчылыктар жараларын баса белгилешти. 

Жыйынтыгында Тармактык комитет коомдук угуу жүрүшүндө айтылган сунуштарды эске алуу чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан