Үч келин бири-бирине телефонду узатып, ээсине билдирбей алып койгон видео талкуу болгон. Уурулукка шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багында калаа тургунунун уюлдук телефонун уурдаганга шектүү келиндер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалган.

"Шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле шектүүлөр буга чейин ушундай эле кылмыштарды жасап бир нече жолу соттолгондугу тууралуу маалыматтар алынды. Учурда тергөө иштери уланууда жана үчүнчү шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KG-312
2021-08-26 18:43:15
Булардын бири хижабда элего!
+7
Nina.alex
2021-08-26 19:15:21
KG-312,3нчусу хиджаб кийген. Болчу
+4
Mylatka..
2021-08-27 14:28:44
KG-312,ал хиджапты жон гана озун коргоо учун кийген болуш керек...
0
Omyke
2021-08-26 18:59:08
Бир туугандар бы окшош экен
+5
Gulina90
2021-08-26 19:45:32
Уят эле аял башы мн
+9
KBD1987
2021-08-26 20:10:53
Азыр эркектер калып эле аялдар уурулук коп кылууда.
+11
bratanyn
2021-08-27 06:26:16
Эми булардан төрөлгөн баладан эмнени күтсө болот.Тарбия бере турган убакта өздөрү уурулук кылып жүрсө.
+5
Erlan_95
2021-08-27 12:25:43
bratanyn, булар торобой коюшса пайдалуу болот коомго
+1
Datka7777
2021-08-27 07:20:21
Оо кебетенди урайын арамдар!
+3
Dembele84
2021-08-27 07:35:59
Учунчусу издоодо деп.Мына эки манканы дубина менен кочуко эки чапсанар таап берет срочно!
+6
VENOM
2021-08-27 13:23:53
Бирөөсү менин аялым а так
-3
Nina.alex
2021-08-27 17:38:14
VENOM,сен уйдо жатып аялын уурдап оокат алып келчи беле уйго
0
VENOM
2021-08-28 19:26:44
Nina.alex,каяктан билип койдуң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан