Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери өкмөттөр аралык кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту
Эки мамлекеттин каржы министрлери меморандумга кол коюшууда
Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлери
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Серик Ахметов өкмөттөр аралык Кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Серик Ахметов өкмөттөр аралык Кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик
Ахметов 1-ноябрда өкмөттөр аралык кеңешинин IV отурумунун жыйынтыгында протоколго
кол коюшту. Отурумда “Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн маселелерди чечип алдык, экономиканын ар кыл тармактарында биздин кызматташтыктын мейкиндигин белгиледик”,-
деди Жантөрө Сатыбалдиев. Өз кезегинде Серик Ахметов өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы
эки мамлекеттин соода-экономикалык жактан өнүгүүсүнө импульс берерин белгиледи. “Казакстан - Кыргызстандын экономикасынын ири инвестору. Бизде
жетиштүү жакшы потенциал бар. 2012-жылдагы биргелешкен сооданын көлөмү 1 миллиард долларга жетти. Эки өлкөнүн
мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөсүнүн аракети менен 2013-жыл дагы жемиштүү болот деп
эсептейм”,- деди Казакстандын премьер-министри. Мындан сырткары өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы
боюнча эки мамлекеттин каржы министрлери меморандумга кол коюшту.