Ошто жеңил унаа каршы тилкеге чыгып кырсыкка кабылды. 3 адамдын өмүрү кыйылды

Ошто жол кырсыгы катталып, бир унаада келе жаткан 3 адам каза болду. Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы бүгүн, 28-августта Ош-Ноокат жолунда, тагыраагы, Жапалак айылынын чыга беришинде катталды.
"Алдын ала маалыматка караганда, Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеде токтоп турган ИИМдин атайын автобусун ашып өтүү аракетин жасаган учурда сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаада келе жаткан 3 жаран каза болду.
Бул автокырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
munduz2016
2021-08-28 22:37:14
....
Жакындарына Аллах сабыр берсин
+3
Rifle_I
2021-08-28 23:33:05
Каршы тилкеге чыгууга болбойт экенин кантип түүндүрсө болот адамдарга?
Обгон жасаганды да туура билиш керек.
+1
Zhoro
2021-08-28 23:52:47
Кыргызстанда, жаңылыктардын жарымы жолдо жабыркаган жүргүнчүлөр,жансыз жерде жаткан жарандар,жададык жагымсыз жаңылыктан Жаратканым жар бол өзүң сакта
+1
Omyke
2021-08-29 00:00:07
Жолдо кырылып бутмой болдукко Односторонний кылып болбосо болбой калды жолдорду
+3
Ala.too.456
2021-08-29 12:29:09
Матиз абгонго чыгып, рулду башкара албай карама каршы тилкенин четинде токтоп турган ИИМдин автобусун сузгон.... Кече кырсык болгон жерден отуп баратып, "эч ким эч нерсе болбоптурбу" -деп оттум эле. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан