Бишкектеги батирлердин биринен 65 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар маркумду батирдин бекилип калган эшигин ачканда табышкан.
Куткаруучулар Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачышканда 1956-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.