Ырчы Арман Эсенгожоев экинчи ирет уулдуу болду. "Тун балам башында бизди бир аз кызганды" дейт ал

"Sexy, sexy" деген ыры менен таанымал болгон ырчы Арман Эсенгожоев экинчи ирет уулдуу болду. Кубанычы менен бөлүшкөн ырчы, жубайы менен уулун төрөт үйүнөн 30-августта чыгарып кетти.

"28-августта экинчи ирет уулдуу болдук. Эне-баланын абалы жакшы, үйгө чыгышты. Наристеге Алим деген ысым ыйгардык. Экинчи ирет ата болгон сезимдер башкача экен, кубанып турам. Тун балам башында бизди бир аз кызганган, азыр кубанып жатат", - дейт ал.

Арман Эсенгожоев 2018-жылы 21-октябрда жубайы Роза менен баш кошуп, 27-октябрда үлпөт тоюн борборубуздагы тойканалардын биринде өткөргөн. 2019-жылы июль айында Ирхан аттуу уулдуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2021-08-31 11:12:14
Ырчы, актёр, жылдыз эле дейсиңер, аларды же эл таанысачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан