Бишкекте караоке-клубда эркек киши кызды бетке урду. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарап жатат.
Видеодо алардын ортосунда талаш-тартыш жаралып жатканы көрүнүп турат. Андан кийин эркек кызды катуу урганда ал тепкичтен кулап кеткен. Азырынча окуя качан болгону белгисиз.