Кыргыз өлкөсү менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясы талкууланды

30-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакбаев Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты. Министр Казакбаев стратегияга санариптештирүү, экология маселеси, региондорду жана агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз-Швейцария мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Швейцария өкмөтүнө экономикалык жана техникалык жардам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди.

Жолугушуунун аягында министр Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza2100
2021-08-31 06:49:41
Достугубуз өнүгө берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан