Эртең, 5-ноябрда КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан «Алтын күз-түшүм майрамы» аталыштагы жарманке уюштурулат. Жарманкеге Ош облусунун аймагында өндүрүлгөн айыл -чарба азыктары өз баасында сатылмакчы. Ошондай эле жарманкеге катышкан дыйкан, фермер, кол өнөрчүлөргө түрдүү наамдардын ыйгарылуусу күтүлөт. Аталган иш чара шаардагы Айыл чарба институтунун имаратынын жанында өтмөкчү. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.