Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
"Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргыз мамлекети былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык.
Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо - жакынкы максатыбыз", - дейт ал.