Ош мэриясы тарабынан ОГПИ “Тарбияны эне тилден баштаган окуу жай” деп табылды

Ош мэриясынын алдындагы кыргыз тили комиссиясы тарабынан уюштурулган “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” акциясы ушул жылдын сентябрь айында жарыяланган эле. Ага карата, окуу жай ичинде бир ай бою ар түрдүү иш-чаралар  уюштурулган. Жыйынтыгында, иш-аракеттер шаардык бийлик тарабынын колдоого алынып, Ош гуманитардык педагогикалык институту “Тарбияны эне тилден баштаган окуу жай - 2013”  аттуу наамга ээ болду. Сыйлыкты 1-ноябрда Ош мэриясынын алдындагы тил комиссиясынын өкүлдөрү тапшырды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан