Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде жеңил унааны башкарып бара жаткан айдоочу жөө адамды сүзүп, андан ары барып кафени сүзүп токтогон видео тарап жатат.
Камерадагы убакытка караганда, кырсык бүгүн, 31-августта саат 06:50 чамасында болгон. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, окуя Юнусалиев көчөсүндө катталган.
Видеодон Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа алгач жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогонун көрүүгө болот. SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматына байланышканда, маалыматты тастыктап, кырсыктын чоо-жайын тактап берүүнү убада кылышты.