"Коомчулукта коррупция менен күрөш жакшы жүрбөй жаткандыгы боюнча нааразычылык болууда. Буга негиз бар”,- деди президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында. Айтымында, бул жааттагы иш коррупциянын тамыры менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталып жатат. “Баарын камап салуу максатыбыз эмес, коррупциянын тамырын кыркып жок кылуу же азайтуу”,- деди президент.