Элмирбек эскерилип, Жеңижоктун ыры ырдалып, Жамбылдын жайы айтылган 14-Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

31-август күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак эл аралык айтышы өттү.

Аталган айтыш Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып уюштурулган.

Төрт тарабы төп келген акындар майрам тартуулап, калың элдин черин жазышты. Ыр майрамдын соңунда акындарга кош байгелер тапшырылды.

Баш байге:

Асылбек Маратов

Айбек Калиев

1-орун

Акматбек Султан уулу

Аспанбек Шугатай

2-орун

Нурмат Мансуров

Турат Жумаев

3-орун

Кубат Тукешов

Бөрүбай Орозымбетов

Мындан тышкары айтышка катышкан бардык акындарга кызыктыруучу акчалай байгелер жана салтка айланып калган улуу залкар төкмөлөрдүн атындагы сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле алгачкы ирет Элмирбек Иманалиев атындагы сыйлык казак акыны Айбек Калиевге ыйгарылды.

3 миллион байге коюлган кыргыз-казак айтышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Wold
2021-09-01 01:07:33
Казактарга барсаңар баш байгеге эмес, 1-орунга араң илешет Кыргыз акындары. Бизде подхалимчилик кылып өлүп кетесиңер.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан