“Мамлекеттик кызматка барып байыйм дегендер эртеби, кечпи камалат”,- деди президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында. Президенттин айтымында, бай болом дегендер жеке ишкерлик менен алектениши керек.
“Мисалы, прокуратурада айлык 8 миң сом. Эмне үчүн жарандар айлыгы 40 миң сомдук кызматтан баш тартып, ушул 8 миң сомдук кызматка жан талашат? Мамлекеттик кызматка барып бай болом дегендер камалат. Ушундай кырдаал түзөбүз. Эгер азыр бай болом деген максат менен мамлекеттик кызматта отургандар болсо, кетип калгыла”,- деди Атамбаев.
Өлкө башчы жарандардын жеке ишкерлик менен алектенишине шарт түзүп берүү учур талабы экенин кошумчалады.