Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Сизди жана жалпы боордош Өзбекстан элин Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.
Эгемендүүлүк алган жылдардан тартып Өзбекстан Республикасы күчтүү жана туруктуу демократиялык мамлекетти куруу менен бирге социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасап келет. Ошондой эле Өзбекстан чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө чоң ийгиликтерге ээ болуп, эл аралык жана аймактык маселелерге кошкон салымы үчүн дүйнөлүк аренада да татыктуу орунду ээледи. Бул сиздин реформаторлук көрөгөчтүгүңүздүн жана чечкиндүү кадамдарыңыздын натыйжасы", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттер ортосунда жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөн кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы бирге күрөшүүгө даяр экенин билдирип, Шавкат Мирзийоевге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык, бакубат жашоо каалады.