Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Бексултан Жакиев 2014-жылды «Саякбай Каралаев жылы» деп жарыялоону сунуш кылды. Бул тууралуу 4-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан сырткары 2014-жылы «Манас» дастанынын үч бөлүгүн тең айткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленет. Ошондон улам заманыбыздын залкар манасчысынын мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөө демилгеси көтөрүлүүдө. «Ал үчүн Саякбай Каралаевдин ысымын ЮНЕСКО тизмесине киргизүү зарыл. Саякбайдын бүткүл өмүрү менен өнөрү бүтүндөй бир улуттун көөнө маданияты менен тыгыз байланышкан, аларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт», - деди Бексултан Жакиев. Комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев мындай демилгени колдоо менен, Кыргызстан делегациясы ЮНЕСКОнун келерки жыйынында Саякбай Каралаевдин ысымын уюмдун тизмесине киргизүү сунушун бере турганын билдирди.