“Мамлекеттик сатып алуулар - коррупция үчүн эң башкы жем”,- деди экономика министри Темир Сариев 4-ноябрдагы Коргоо кеңешинин жыйынында. Айтымында, мамлекет -рыноктогу ири сатып алуучу жана жыл сайын буга 20 миллиарддан ашык сомду жумшайт. “Мамлекеттик буйрутмаларды жайгаштыруу ар кандай көз боёмочулук жана шектүү бүтүмдөрдү жасоо үчүн жагымдуу чөйрө болуп санала тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Азыр өкмөт адистештирилген портал аркылуу мамлекеттик сатып алуунун автоматташкан онлайн системин киргизди. Бул коррупцияны азайтууга таасир берүүгө тийиш”,- деди Темир Сариев.