Биз социалдык тармакта

“Коомдун эң төмөнкү деңгээлинен тартып алсыраткан тиричилик коррупциясы коркунучтуу” дейт экономика министри

 Коомдун эң төмөнкү деңгээлинен тартып алсыраткан жана мамлекеттик башкаруунун кемчиликтерин көрсөтүп жаткан тиричилик коррупциясы коркунучтуу. Муну Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты.  

Айтымында, тиричилик коррупциясынын кулачы массалык аң-сезимге терең сиңди жана коррупциясыз жашоо-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн эмес деп эсептегендери коомдо көп.  

 

“Иш-аракеттердин ар түрдүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, мамлекеттик бийликтин органдарына жарандар түздөн-түз кайрылган конкреттүү маселелерди чечүүдө так регламенттөөнү жүргүзүү керек. Буга байланыштуу Экономика министрлиги коррупциянын деңгээлине масштабдуу изилдөө жүргүзүүнү баштады. Өзгөчө көңүл билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнөт”,-дейт Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан