Чүйдүн Жаңы-Чек айылында келиндин жансыз денеси бакка асынган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1-сентябрь күнү Жаңы-Чек айылынан келиндин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда айылдагы мүрзөгө жакын жерден бакка асылган абалда жансыз дене табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алгач денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Ал эми келин 1987-жылы туулган К.Б. болгон.
Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.