Футбол: Кыргыз курамасы Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди (онлайн)

2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп жаткан "Үч Улут Кубогунун" алкагындагы Кыргыз өлкөсү-Палестина беттеши өттү. Кыргыз өлкөсү Палестина курамасын 1:0 эсебинде утту.

2021-09-02 22:27:00

Оюн калысы ышкырыгын жаңыртты. Кыргыз курамасы Палестина менен болгон оюнда 1-0 эсебинде жеңишке жетишти. Беттештеги жалгыз голду 1-бөлүктө жарым коргоочу Азим Азаров киргизген.

2021-09-02 22:25:00

Оюндун акыркы мүнөтү аяктап баратат.

2021-09-02 22:23:00

Калыс беттешке 3 мүнөт убакыт кошуп берди.

2021-09-02 22:22:00

"Ак шумкарларда" орун алмаштыруу бар. Гүлжигит Алыкуловдун ордуна Темирболот Апаев талаа үстүнө чыкты.

2021-09-02 22:21:00

Оюндун негизги убактысынын бүтөрүнө 1 мүнөт гана убакыт калды. Эсеп өзгөрүүсүз 1:0 боюнча. "Ак шумкарлар" алдыда келе жатат.

2021-09-02 22:18:00

Гүлжигит Алыкулов бир оюнчуну жазгырып өтүп дарбазага кубаттуу сокку жасады. Бирок топ коргоочулардын бутуна тийип, дарбазага жетпей калды.

2021-09-02 22:17:00

Палестиналыктар дарбазадан кыйла алыс тарапка сокку узатышты.

2021-09-02 22:16:00
Палестиналыктар бурчтан чыгарып берүү жасашты. Бирок коргоочулар топту талаа сыртына чыгарып үлгүрүштү.
 
 
2021-09-02 22:13:00

"Ак шумкарлардын" катарында жалгыз голун ээси Азим Азаров жана Фархат Мусабековдун ордуна Бактияр Дүйшөбеков менен Одилжан Абдрахманов чыкты.

2021-09-02 22:12:00

Оюн кызуу уланууда. Азырынча эсеп саны өзгөрө элек. Кыргыз өлкөсү 1 упай менен алдыда.

2021-09-02 22:11:00

Палестиналыктар "Ак шумкарлардын" дарбазасы жана гол киргизип кетүүгө өтө жакын барышты. Бирок коргоочулар топту алыстатууга жетишти.

2021-09-02 22:09:00

Фархат Мусабековго каршы оюн эрежеси бузулду.

2021-09-02 22:07:00

Кыргыз футболчуларында алмаштыруу бар. Абай Бөкөлеев талаа үстүнө чыкты.

2021-09-02 22:06:00

Стандарттык абал "Ак шумкарлардын" аткаруусунда болуп өттү. Топко биринчилерден болуп жеткен Эрнис Батырканов топко ээлик кыла алган жок.

2021-09-02 22:05:00

Дагы бир жолу Алимардон Шүкүровго каршы оюн эрежеси бузулду. Шүкүровго доктурлар жардам көрсөтүүдө.

2021-09-02 22:04:00

"Ак шумкарлар" бурчтан чыгарып берүү жасашты.

2021-09-02 22:02:00

Палестиналыктар кезектеги стандарттык абалдан топту көтөрүп беришти. Бирок бул жолу да аракети натыйжасыз болуп чыкты.

2021-09-02 22:01:00

Палестиналык футболчулар бурчтан чыгарып берүүнү ишке ашырышты. Коргоочулар кайрадан топту дарбазадан алыстатышты.

2021-09-02 22:00:00
Палестиналыктарга каршы оюн эрежеси бузулуп, стандарттык абалды ишке ашырышты. Бирок коргоочулар топту чийинден чыгарып жиберүүгө жетишти.
 
 
2021-09-02 21:59:00

Гүлжигит Алыкулов дарбазачыны жазгырып өтүп кете жаздады. Бирок андан соң коргоочулар тоскоолдук жаратып, топ оюн талаасынан чыгып кетти.

2021-09-02 21:58:00

Стандарттык абалды Фархат Мусабеков аткарды. Түз эле дарбазага сокку узатып көрдү. Бирок топ бир топ эле жогору тарапка кетти.

2021-09-02 21:57:00

Палестиналыктар эки оюнчусун алмаштырды.

2021-09-02 21:56:00

Алимардон Шүкүровго каршы дагы бир ирет оюн эрежеси бузулду. Ал чабуулга кирип бара жаткан. Атаандаштар калыс менен макул эместигин билдиришүүдө.

2021-09-02 21:55:00

Палестиналык футболчу Мухаммед Дарвиш Турсунали Рустамовго каршы орой оюн өткөргөн үчүн сары айып кагазын алды. Бул оюндагы алгачкы айып кагазы.

2021-09-02 21:54:00

Эрнис Батырканов Алимардон Шүкүровдон келген топко жетпей калды. Ага чуркап чыккан атаандаштардын дарбазачысы тоскоолдук жаратты.

2021-09-02 21:53:00

Кайрат Жыргалбек уулу бир оюнчуну жазгырып өтүп, сокку узатты. Бирок топ дагы бир ирет үстүңкү мамыдан ашып кетти.

2021-09-02 21:51:00

Турсунали Рустамовго каршы атаандаштардын талаасында оюн эрежеси бузулду.

2021-09-02 21:50:00

Оюн уланууда. Азырынча эсеп саны Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына 1:0. Ал эми палестиналыктар дагы бир ирет "Ак шумкарлардын" дарбазасына сокку узатты. Бирок топ үстүңкү дарбаза мамысынан жогору кетти.

2021-09-02 21:49:00

Палестиналык футболчунун көтөрүп берген тобу жыйынтык берген жок.

2021-09-02 21:48:00

Палестиналык оюнчулардын бирине каршы оюн эрежеси бузулду. Алар стандарттык абалды аткарышат.

2021-09-02 21:47:00

Палестиналыктар бурчтан чыгарып берүүдө аз жерден гол жаратып коё жаздашты.

2021-09-02 21:45:00

"Ак шумкарлар" чабуулда. Турсунали Рустамовдун чыгарып берүүсү аягына чыккан жок.

2021-09-02 21:44:00

"Ак шумкарлар" бурчтан чыгарып берүүнү аткарышты. Бирок каршылаш коргоочулар гол киргизүүгө жол берген жок.

2021-09-02 21:43:00

Алимардон Шүкүров стандарттык абалдан сокку жасап көрдү. Бирок таамай багытталган жок.

2021-09-02 21:42:00

Гүлжигит Алыкуловго каршы айып аянтчасынын жанында эреже бузулду.

2021-09-02 21:40:00

Алимардон Шүкүров атаандаштардын дарбазасына укмуштуудай сокку жасады. Бирок тилекке каршы топ дарбаза мамысын кыйгап өтө берди.

2021-09-02 21:39:00

Палестиналыктар бурчтан чыгарып берүүнү аткарышты. Бирок коргоочулар топту алыстатты.

2021-09-02 21:37:00
Оюнчулар талаа үстүнө чыгышты. Калыс экинчи бөлүктү баштоо үчүн ышкырыгын жаңыртты.
 
 
2021-09-02 21:21:00

Оюндун биринчи бөлүгү аяктады. Командалар 15 мүнөттүк эс алууга чыгышты. Эсеп 1-0. Азырынча "Ак шумкарлар" алдыда.

2021-09-02 21:20:00

Палестиналыктар экинчи кабаттан ойноого аракет жасап топту айып аянтчасына көтөрүп берип, гол киргизүүгө аракет кылышты.

2021-09-02 21:18:00
Палестиналыктар айып аянтчасына топту көтөрүп берүү жасашты. Бирок дарбазачы Эржан Токотаев абалды көзөмөлдөп, топту тосуп алды.
 
 
2021-09-02 21:16:00

Алимардон Шүкүров айып аянтчасынын сыртынан сокку жасады. Тилекке каршы тепкен тобу дарбазанын үстүңкү мамысынан ашып кетти

2021-09-02 21:13:00

Гүлжигит Алыкулов сокку жасап көрдү. Бирок бир аз кубатсыз болуп калгандыктан дарбазачы оңойлук менен тосуп алды.

2021-09-02 21:08:00

"Ак шумкарлар" атаандаштардын коргоочуларын жазгырып өтүүгө аракет кылышууда. Топко ээлик кылуу дегендик бирдей көрсөткүчтө.

2021-09-02 21:03:00

Эки тарап чабуул уюштуруу аракетин көрүп, кыска пастар менен оюн уланууда.

2021-09-02 20:58:00

"Ак шумкарлар" эсепти ачты. Жарым коргоочу Азим Азаров Палестинанын дарбазасына алгачкы голду киргизди. Эсеп 1:0. Кыргыз өлкөсү алдыга чыкты.

Кыргыз өлкөсү Палестина курамасын 1:0 эсебинде утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-09-03 05:28:32
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан