Чүйдүн Жаңы-Чек айылында келиндин жансыз денеси бакка асынган абалда 1-сентябрь күнү табылган. SUPER.KG порталы Жаңы-Чек айылынын айыл өкмөт башчысына байланышып төмөнкү маалыматтарды алды.
"Келин Ысык-Көлдөн болот экен. Жакындары кечээ келип, сөөктү алып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча, ал жолдон түшүп калган деп жатышат. Биздин айылда аны эч ким тааныбайт жана тааныштары да жок экен", - деди айыл өкмөт башчы.
Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1-сентябрь күнү Жаңы-Чек айылынан келиндин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда айылдагы мүрзөгө жакын жерден бакка асылган абалда жансыз дене табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алгач денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Ал эми келин 1987-жылы туулган К.Б. болгон.