“Кыргызгаз” ААКсы “Кыргызстандын калкы ноябрда жаратылыш газынын метр кубу үчүн 15 сом 6 тыйындан төлөйт” деп билдирди. Октябрь айында баасы 15 сом 12 тыйын болгон. Газдын баасы айдын башындагы АКШ долларынын курсуна жараша өзгөрүлүп турат. Түштүк аймакта газдын метр кубуна октябрда 15,11 сом төлөшсө, ноябрда 15,08 сомдон төлөшөт. Учурда Кыргызстанга мунай затынын миң метр кубу Казакстандан 224 доллардан, Өзбекстандан 290 доллардан алынып келүүдө. “Кыргызгаз” акцияларын орусиялык “Газпромго” сатканда, бааны компаниянын ээси аныктайт.