Кыргыз спортчусу Орозали Максудов Жит Кун-До уруш өнөрү боюнча Дүйнө чемпиону аталды

Кыргыз спортчусу Орозали Максудов Жит Кун-До уруш өнөрү боюнча Түркиянын Адана шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталып, чемпиондук кур тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекендешибиздин бир тууган эжеси Зувагүл Авалбекова билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мекендешибиз Орозали Максудов 2 айдан бери Түркия жергесинде эмгектенип жүргөн. Аталган турнир тууралуу ал бош убактысында барып машыгып жүргөн залдын машыктыруучусунан угуп, катышып калган. Мелдеште Орозали Максудов Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан жалгыз спортчу болгон жана бир катар атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңип жарым финалга чейин жеткен.

Ал эми жарым финалда түркиялык мушкерди, финалда болсо казак спортчусун жеңип, Жит Кун-До уруш өнөрү боюнча Дүйнө чемпиону аталан.

Мекендешибиз учурда 25 жашта. Ал буга чейин күрөш менен алектенип, өлкө аймагындагы ар кандай турнирлерге катышып келген.

Белгилей кетсек, Жит Кун-До легендарлуу уруш чебери Брюс Ли тарабынан түзүлгөн спорт түрү. Ал кытай тилинен которгондо "Узатылган соккунун жолу" деген маанини берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан