Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күндө 37 өнөр жай ишканасы иштөөдө. Өнөр жайдын негизги тармактарын электр энергиясы, суу, көгүлтүр отун, тигүү жана кездемелерди чыгаруу, тамак-аш жана аларды кайра иштеп чыгуу, курулуш жана башка тармактардагы өндүрүштөр түзөт. Бүгүнкү күнгө карата кирешенин көрсөткүчү 1 миллион 900 миң сомду түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.