Москвага авиа-каттамдардын саны өстү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов 4-ноябрдагы маалымат жыйынында “1-ноябрдан тартып жумасына Бишкек-Москва каттамына дагы 10 рейс кошулду” деп билдирди. “Буга чейин жумасына 28 каттам болсо, 1-ноябрдан тартып 10 каттам кошулат. Натыйжада эки тараптан 19дан авиа-каттам ишке ашырылат. Мурда Ошто 12 болсо, ага 5 каттам кошулду”,- деди ал. Мындан сырткары Москвага болгон авиа-билеттин баасы 278 долларды түзүп жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан