"Шамбала" тасмасы эл аралык кинофестивалда эки сыйлыкка арзыды

Белгилүү кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы эл аралык “Будем жить” (Жашайбыз) аттуу X Москва кинофестивалында эки сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кинофестиваль Москва шаарынын майрамы менен орус киносунун күнүнө карата уюштурулган. Ал 23-августта башталып 3-сентябрга чейин болуп өттү.

Тасма төмөнкү эки сыйлыкка татыды:

  • Эң мыкты оператордук иши үчүн Акжол Бекболотовго жана Мурат Алиевге сыйлык берилди;
  • Кинофестивалдын президентинин сыйлыгы.

Белгилей кетсек, фестиваль 2011-жылдан бери Москва шаарында болуп келет. Алгач жаш режиссёрлордун чыгармаларынын көргөзмөсү болсо, ал эми 2016-жылдан тартып анимациялык жана толук метраждуу тасмалардын сынагы катары жыл сайын өткөрүлүп келет. 2021-жылы фестиваль эл аралык макамга ээ болгон.

Эске салсак, Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын “Ника” кино сыйлыгын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан