Бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: “биз Кыргызстанда кол тийбес аткаминер болбостугун көрсөттүк”,- деди. Айтымында, акыркы жылдары коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдар жасалды.
“Кетирилген кемчиликтерге, тоскоолдуктарга карабастан коррупцияга катуу сокку урулду. Коррупционерлердин, уурулардын далбастап, каршылык көрсөткөнү - мунун ачык далили. Кыргызстанда мындан ары күнөөсү аныкталса, кол тийбес аткаминер болбосун көрсөттүк. Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи, өз жазасын аларын түшүнүп калды”,- деди Атамбаев.
Президент “Коррупцияны кабылдоо индекси” эл аралык рейтинги боюнча Кыргызстан бир жылда 164-орундан 154-орунга жылганын кошумчалады.