Ырчы Айпери Кубик кызы кыздуу болду. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымына караганда, ал бүгүн саат 13:20да көз жарган.
"Бизге кыз наристени насип кылган Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун" деп жазып калтырган ырчы.