Саясатчы Өмүрбек Текебаевди Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси кызматынан баш тартты деген маалыматтар айтылган.
SUPER.KG порталы Текебаевдин өзүнө байланышканда, бул тууралуу суроого жооп бербей турганын айтты. "Андай маалымат бере албайм. Эч кандай сөз жок. Бул тууралуу эч нерсе айта албайм", - дейт ал.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Текебаев Германияга элчи болуп дайындаларын, буйрук сентябрь айында чыга тургандыгын билдирген. Бул боюнча саясатчынын өзү менен байланышканыбызда, ал бул тууралуу маалыматы жок экенин айткан.