Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында “Расизмсиз дүйнө үчүн!” аталышындагы чакан акция болуп өттү. Иш-чараны уюштуруучулардын бири Манас Саматов: “4-ноябрда Орусияда Элдик биримдик күнү белгиленип, орус маршы өтөт. Бирок бул жалпы орус элинин эмес, улутчул скинхеддердин күнү. Көптөгөн мигранттар мына ошолордун курмандыгы болуп калууда”,- дейт. Ошол эле тапта укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык коомдун өкүлдөрү “Орус маршы трагедия”, “Кыргызстандык мигранттар азаматтар” деген жазуусу бар плакаттарды колдоруна кармашып, акцияга кошулушту. Иш-чаранын соңунда акциянын катышуучулары Орусияда улутчулдардын колунан курман болгон мигранттардын элесине деп кара лента байланган гүлдү Орусия элчилигинин алдына коюшту.