Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча кыргыз спортчулары 8 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталган. Анда балбандарыбыз 8 медаль (1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло) утуп алууга жетишти.
Бел боо күрөшү боюнча байгелүү орундарды камсыздагандар:
1. Нурманбет Раймалы уулу - алтын.
2. Калысбек Кайымов - күмүш.
3. Хабибулло Тынчтык уулу - күмүш.
4. Дастан Акылбеков - күмүш.
5. Баяман Мыктыбеков - күмүш.
6. Арсланбек Турдубеков - коло.
7. Кенжебай Нарынбай уулу - коло.
Кыз-келиндер арасында:
1. Айжан Анарбекова - күмүш.
Муну менен Кыргыз өлкөсү медалдык рейтингде 5-сапка жайгашты. Учурда улуттук курама команданын капчыгында 2 алтын, 9 күмүш, 14 коло менен жалпы 25 медаль бар.
Ал эми аталган тизмеде 1-орунду Орусия ээлеп турат. Андан кийинки орундарга Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Кыргыз өлкөсү, Беларусь, Тажикстан, Армения жана Молдова мамлекеттери жайгашкан.
Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.