Индонезия аймагында маймылдар ачкалыктан улам тургундардын үйлөрүнө кол сала баштады

Индонезиянын Бали аралындагы маймылдар тамак издеп жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө кол сала баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам туристтер келбей маймылдар ачка калышкан.

“Мындан улам маймылдар майда топторго бөлүнүшүп, чатырларда карап турушат. Үй ээлери көрүнбөй калса эле алар айылдагы үйлөрдү тинтип, тамак издешип, баш аламандыкты жаратат. Бул нерсе туристтердин келбегени менен байланыштуу. Маселен, мурда аларды көрүүгө 6000ге жакын адам келсе, азыр алардын саны 500 болуп калды”, - деп жазылат маалыматта.

Ал эми маймылдарды айылдан чыгаруу үчүн жергиликтүү тургундар токойго мезгил-мезгили менен мөмө-жемиштерди, арахистерди жана башка азыктарды алып барышат, бирок бул аракеттер жетишсиз болуп жатканы белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан