Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан 22-октябрдан 1-ноябрга чейин техникалык талаптарга жооп бербеген 12 кичи автобус каттамдан четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 4-ноябрда билдиришти. Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу “Лига” ЖЧК (№143, 179, 174, 176-маршруттары), “Батырхан-Мурагер” ЖЧК (№275), “Жазада-Транс” ЖЧК (№243), “Элек” ЖЧКсынын (№106-маршруту) каттамдан алынды. Кичи автобус айдоочуларына отургучтарды оңдоо, унаанын сыртын сырдоо сыяктуу талаптар коюлду.