Киевде жайгашкан "Frakishtak" компаниясы адамдардын ырайымсыздыгынан жапа чеккен жана жол кырсыгынан жабыр тарткан ит, мышыктар үчүн атайын аларга ылайыкталган "майыптар арабасын" жасап башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз мурда жабыркаган ит, мышыктарга жардам берип, ыктыярчы болуп жүрчүбүз. Ал эми аларга "майыптар арабасын" башка өлкөлөрдөн сатып алып келип жүрдүк. Бирок "эмнеге биз өзүбүз аларды жасап чыгарбайбыз?" деп ойлонуп көрүп, 2010-жылдан тарта өзүбүз жасай баштадык. Бул нерсе ит, мышыктарга жардам берет деп ойлойм", - деп билдирген аталган компаниянын негиздөөчүсү.
Ал эми мындай арабалар мыкты ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп, жаныбарлардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жасалат.