Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн тышкары жашагандар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын санын 57 участкага чейин көбөйтүү сунушталууда.
Ошентип төмөнкү шаарларда 9 жаңы шайлоо участкаларын түзүү каралып жатат: Орусия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаары; АКШ - Нью-Йорк жана Чикаго шаары; Түркия - Анталия шаары; Италия – Кальяри шаары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларын көбөйтүү зарылдыгын колдоого алды жана бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын айтышты. Ошол эле учурда БШКнын төрайымы Орусиянын шайлоо участкаларын уюштуруу маселесинде Орусиянын БШКсынын көмөгү тууралуу БШКда иштелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.