Бир мандаттуу округ боюнча 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Таалайбек Айталиев №21 Талас шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
- Нурбакыт Маматалиев №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
- Элзат Саяк кызы №33 Нарын шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
Арыз Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралып, чечим кабыл алынды.