ЭлТРдин башкы директору отставкага кетүүгө арыз жазды

ЭлТР телекомпаниясынын башкы директору Шайырбек Абдрахманов отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Муну Абдрахманов Москвага окууга бара жатканы менен түшүндүрдү. “Москва шаарына Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынан билим алууга жөнөгөнү турам. Ошондуктан кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым”,- деди ал. Арызга азырынча кол коюла элек.   

 

Айта кетсек, Ш.Абдрахманов аталган телеканалды 2010-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан