Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы ырчынын жубайы Бурул айым тарабынан белгилүү болгон. Анда ал жолдошу үчүн дуба кылып коюуну суранган.
Мирбек Иманбековдун акыбалын билүү үчүн өзүнө байланышканыбызда буларга токтолду.
"Бишкекте ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөндө ооруп калдым. Ашказаным ооруп, олуттуу белгилер болушу мүмкүн деп божомолдонгон. Анализдердин жыйынтыгы чыкты, Кудайга шүгүр, жакшы экен. Буюрса, баштаган иштеримди улантам", - деди ал.