Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Канатбек Ахмедов ант берди.
"Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Конституцияны, мыйзамдарды аткарууга ант беремин", - деди Ахмедов.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев аны куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Канатбек Ахмедов 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп иштеген.
26-августта Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. Буга байланыштуу Самаев мандатынан ажыратылган.