"Мүмкүнчүлүктү пайдаландым". Ырчы Сания Түркиядан сыйлык алды

Түркиянын Стамбул шаарында жашап, окуп жаткан ырчы Сания "Эл аралык саммиттин сыйлыктары-2021" сынагында "Келечектеги алгачкы чет элдик ырчы" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу ырчыга байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымында, ага сынакка катышууга сунуш түшкөн.

"Биз буга чейин эки клип тарттык. Мага аталган сынакка катышуу тууралуу сунуш түштү жана мен бул мүмкүнчүлүктү пайдаландым. Мен чын эле жеңдим", - дейт ырчы Сания.

Ал сынакта "Oyna" аттуу ырын ырдаган.

Эске салсак, буга чейин ырчы Түркиядан "Bir anda" аталышындагы ырына клип тарттырып, ага 7 миң доллар каражат сарпталганын билдирген. Мындан тышкары ал түрк сериалдарынын бирине тартылып, чыгармачылыгын аталган өлкөдө улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KG-312
2021-09-08 14:41:58
Сен бир түрккө тийип, ошол жакта эле калып кет, сага окшогон артисттерге ошол жарашат!
0
alimbek94
2021-09-08 14:46:53
Азаматсың Сания. Оркундо, осо бер. Ишине ийгилик. Алдыга умтулуп ой максатына жет. Красавица. Чачы узун кыздар жагат.
-1
Dembele84
2021-09-08 15:06:22
Туркторду суугарып жургон экен да бул кыз,приз берсе суйунуп
-2
bond02
2021-09-08 15:29:09
Дагы бир турк турткон го.
+1
Datka7777
2021-09-08 17:57:10
Турктор менен журо бер кагышып
-1
Aidan_Ek
2021-09-08 18:13:21
Бизде ушинтип жаман суйлоп жатып чыгарбайбыз да кыздарды алдыга. Азаматсын Сания! Кадырынды билген жерде бол! Кадырлап турса кен мекен, Каныкей болуш эмне экен! Ардактап турса кен мекен, Айчурок болуш эмне экен! Азыркыларга караганда илгери аталарыбыз аялдарды жакшы колдогон экен! Курманжан датка, Каныкей, Кыз Сайкал, Айчурок ж.б. апаларыбыз колдоо кучтуу болгон учун кыйын болушкан. Кыздарга айтам, силерди тебелеп тепсеген жерде эч качан калбагыла! Озун пас санаган аялдар гана аялдарды кемсинтет
+3
alimbek94
2021-09-08 20:17:10
Aidan_Ek,
Азыр айбандар толуп кетти. Аялдарды дайыма жамандай беришет. Тескерсинче ушундай сулуу, жагымдуу аялдарды колдогондун ордуна жамандап.
0
Mister-XXX
2021-09-08 19:05:54
Туура,колдош керек.Бирок турктор сулуу кызды жөн эле колдогонуна ишенбей кетем.
Кыргызстанда ырчыларды,жылдыздарды эң жакшы баалайт.Бирок бизде кээ бир таланттуулар ырчылык менен гана алектенбей,хайп жаратып,элди тажатып жатпайбы.Анан мени көрө албайт,бут тосуп жатат деп чыгышат.Атактуулукту да туура пайдаланса жакшы.Кыргыз эли ырчыларды баалаганды билет.
-1
Sajakat14
2021-12-02 21:27:35
Mister-XXX, концерттерде кыйратып кол чабышпайтго чыгармачылардын эмгегин колдоп. Казак көрүүчүлөрү менен кыргыз көрүүчүлөрүн салыштыргыла. Алыскы мамлекет менен салыштырбай эле коёлу.Эң акыркы ырын ырдап жатканда эле концерттен кыргыздар туруп басып кетип калышат! Чыгармачылыкта иштеген маданият адамдарына эч кандай сый жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан