Бүгүн, 8-сентябрда парламентте айрым депутаттардын телефонун тыңшоо боюнча маалымат угулуп жатат. Депутат Жанар Акаев күч органдарынын жетекчилерине Мурат Суталиновдун, Молдомуса Конгантиевдин элден кечирим сураганын эскертип, аларды адилеттүү иштөөгө чакырды.
"Биздин укугубуз бар. Мыйзамдуу деп жооп берип жатасыңар. "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген да берене бар. Ошону эске алып, бийлик өзгөргөнү менен система ошол бойдон калса дагы күч органдары адилеттүү иштегенге аракет кылсаңар. Күч органдары келген сайын мурдагы УКМКнын башчысы Мурат Суталиновдун түрмөдөн чыгып, элден кечирим сураганын, Молдомуса Конгантиевдин видеосун бул жерге илип коюш керек. Заман тез эле өзгөрөт. Саясий ишмерлерди аңдып, аларды тыңшагандан майнап чыкпайт. Мен силерге көп эмес бир эле жыл мурун эмне болгонун көрсөтүп коёюн. Садыр Жапаровго боштондук штабына тыңшоо коюлганы боюнча маалымат чыккан. Демократиялык баалуулуктардан кайтпашыбыз керек", - дейт ал.