Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы базар күйүп жатат. Бул туурасында интернет колдонуучулар видео менен бөлүшүүдө.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, шаарда кечке чейин электр жарыгы болгон эмес. Электр жарыгы берилгенде кыска туташуу болушу мүмкүн дешүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.