ЖКда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам боюнча президенттин каршы пикирине макулдук берилди

4-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга карата КРнын Президентинин каршы пикири каралды.

 

Каршы пикир боюнча түшүндүрмө берген юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мыйзамдагы шаарлардагы мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоодо шаар мэрлеринин макулдугу керек деген ченем “КРнын мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамына каршы келерин белгиледи. Аталган мыйзамда мамлекеттик кызмат орундарына, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарына келүүчүлөр эки этаптагы сынактын негизинде келери көрсөтүлгөн.

 

Депутат Абдумиталип Кочкорбаев шаарларда шаар башчысына баш ийбеген жагдайда кандай иш жүрөрүнө кызыгып, жаңы кабыл алынган Бишкек, Ош шаарларынын макамы жөнүндөгү мыйзамда шаар мэрлерине жогорудагыдай мүмкүнчүлүк берилгендигин айтты. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган мыйзамга карата КРнын Президентинин каршы пикирин колдоо чечимин кабыл алышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан