Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизди.
Эмгек кодексинин 64-беренеси 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоого, окутууга жана тейлөөгө байланышкан ишке орношкон адам эмгек келишимин түзүп жатканда жумуш берүүчүгө соттолбогондугу тууралуу маалымкатты берүүгө милдеттүү экендигин белгилеген талап менен толукталат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине жашы жетпегендерге кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү 15 жылды түзөт деген толуктоо киргизилген. Ошол эле кезде, өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүнүн эскириши 10 жылды түзөт.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине киргизилген толуктоого ылайык, жашы жетпегендерге карата инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жазасын өтөп жаткан адамга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн эмес.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.